Добавить свою статью
21 Февраля 2019
Конституцияны озгортууго негиз жок

КР ЖК депутаты Руслан Чойбеков менен болгон интервью

- Руслан Нуркалиевич, саламатсызбы. Бизге келип интервью бергенге макулдугунузду бергенинизге рахмат. Биз сизге азыркы учурда коомубузда жандуу талкууга алынып жаткан айрым маселелер боюнча сиздин ой-пикиринизди билели деген ойдобуз. Сизге суроолорду кезеги менен узатсак, ар бир маселе боюнча өзүнүздүн жообунузду берсениз. Акыркы учурда коомчулукта аракеттеги баш мыйзамыбыз болгон - Конституциянын редакциясын кайрадан карап чыгып, өзгөртүш керек деген чакырык таштагандардын саны көбөйүп келет. Ушул маселеге Жогорку Кенештин депутаты, Конституциялык мыйзамдар жана мамлекеттик түзүлүш комитетинин төрагасынын орун басары, юрист жана жөн гана кыргыз жараны катары оюңуз кандай, пикириңизди билдирип кетесизби? 

- Рахмат. Сиз туура айтып атасыз. Акыркы учурда Конституциянын текстин кайрадан карап, тиешелүү өзгөртүүлөрдү киргизиш керек деген жарандарыбыз массалык маалымат каражаттарында, «тегерек стөл», «конференцияларда», же башка коомдук талкуу болгон аянтчаларда өз пикирлерин билдирип келишет. Айтылган сөз, каалайбызбы, каалабайбызбы, кандайдыр бир денгээлде, талкууга алынат, ал боюнча пикир алмашуу жүрөт. Бул табигый процесс деп эсептейм. Анткени, мыйзам бул тирүү организмдей толукталып, байытылып, кошумчаланып жана коом менен мамлекеттин ахвалына жараша эл мүдөөсүн жана кызыкчылыгын эске алуу менен өзгөртүлүп турушу керек. Бирок, ар бир өзгөртүүнин артында абдан дыкаттык менен талданган анализ, экспертиза, эсептөөлөр, талкуулар турушу зарыл. Алар терен изилденип, жети өлчөнүп бир кесилиши керек.

Мамлекетибиздин Конституциясы эгемендүүлүктөгү 28-жыл ичинде 11 жолу өзгөртүүлөргө дуушар болду. 11 жолу бул көппу же азбы деген суроо туулат? Менин оюмча бул көп деп ойлойм. Мисал катары ала кетсек, 200 жылдык тарыхы бар Америка Кошмо Штаттары баш мыйзамына 1787-жылдан бери бир дагы жолу өзгөртүү киргизген эмес. Бизде болсо, албетте, кырдаалга жараша жүйөлүү, керектүү, коомубузга ылайык келген өзгөртүүлөр да болду, ошондой эле арасында бир адамдын жеке кызыкчылыгын да көздөгөн өзгөртүүлөрдүн болгону да жок эмес. Аларды коомчулук жакшы билет, аягы да эмне менен бүткөндүгү белгилүү.

2010-жылы 27-июнда жалпы элибиз колдоп референдумда кабыл алынган Конституциянын жаны редакциясы азыркы учурда толук кандуу иштеп атат. Жаны редакциядагы кетирилген айрым техникалык, грамматикалык каталарды жоюуу максатында жана айрым жүйөлүү толуктоолорду киргизүү максатында көп өтпөй эле кайрадан 2016-жылы 28-декабрда айрым өзгөртүүлөр сунушталып, жалпы элдик референдумда кабыл алынып, күчүнө кирген. 2010-жылкы бүткүл элдик референдумда 2020-жылга чейин баш мыйзамыбызга толуктоо жана өзгөртүүлөрдү киргизбөө тууралуу чечимди элибиз кабыл алган. Ал чечим ар бир келген мамлекет жетекчиси өзүнүн кызыкчылыктарынын алкагында негизги мыйзамыбыздын беренелерин бурмалабаш үчүн сунушталган.

Менин жеке пикирим, элдин чечимин сыйлашыбыз керек - биринчиден. Экинчиден, 2020 –жылга өтө эле аз убакыт калды, бир аз сабырдуу болуп, женил-желпи чечимдерге барбашыбыз керек го деп ойлойм. Бул тууралуу өзүнүн оюн мамлекет башчыбыз Сооронбай Шарипович Жээнбеков дагы 2018-жылдын декабрь айында Кыргыз Республикасынын Жогорку Кенешинин 80-жылдыгына карата уюштурулган илимий-практикалык конференцияда да сүйлөп атып билдирди. Ал баш мыйзамыбызга өзгөртүүлөрдү киргизүүнүн кажети жок экендигин айтты. Президенттин бул сөзүн мен дагы толугу менен колдойм жана туура деп эсептейм.

Менин оюмча, кеп Конституциянын нормаларында эмес, кеп ошол мыйзамдардын талаптарынын так аткарылышында. Коомубуз мыйзамдарды так аткарганга, сыйлаганга көнүл буруусу зарыл деп ойлоймун. Баардыгыбыз жапырт ошол тартипке көнүп, баш ийип жашашыбыз керек. 

- Ушул жогорудагы айткан пикиринизге улай кошумчалай кетсениз, элибизге таанымал болгон айрым коомдук ишмерлердин Конституцияга расмий тилибиз болгон орус тили боюнча айтып жаткан сунуштары канчалык денгээлде учур талабына ылайык келет? 

- Рахмат. Түшүнүктүү. Айрым коомдук уюмдар жана ишмерлер 2018-жылдын 24-ноябрында Бишкек шаарында өткөн «элдик курултай» деп аталган чогулушта Кыргыз Республикасынын Конституциясынан орус тилинин статусун расмий тил деп бекемдеген норманы алып салуу керек деген ойлорун билдиришкен. Азыркы учурда коомчулукта бул маселе да кызуу талкууга түштү.

Биринчиден, бул чогулуштун статусу өзү белгисиз. «Элдик курултай» деп аталганга жана элдин атынан сүйлөгөнгө бул жарандарыбыз кимден жана кандайча укук алганынын өзү күмөн. «Элдик курултай» деген институттун статусу азыркы күнгө чейин мыйзамдуу түрдө белгилене элек.

Экинчиден, бул сунуштун өзүн көтөрүп, талкууга салган туура эмес. Бул маселенин козголушуна мен негизинен каршымын. Орус тилинин статусу азыркы учурда жакшы эле көнүл бурулуп бекемделген жана ушул калыбында калуусу керек деп эсептейм. Орус тилинин статусунан биздин мамлекетибиздин өсүп өнүгүүсүнө салымынан башка зыяны тийген жок деп ойлоймун. Ал эми өзүбүздүн кыргыз тилибиздин өнүгүшүнө, элибиздин калын катмарына жайылтылышына биз өзүбүз мамлекеттик денгээлде өзгөчө кам көрүп шарт түзүүбүз керек. Тиешелүү мыйзамдар кабыл алынган жана башка укуктук актылар иштеп атат. Болгону, Ɵкмөт акча каражаттарын караштырып таап, анан ага ылайык тиешелүү иш-чараларды максаттуу план менен иш жүзүнө ашыруусу тийиш.

Мындай маселелерди көтөргөндөн мурун, экономикабызды ойлойлу, кошумча жумуш орундарды түзүү жагын карайлы, анан акча каражатыбыз пайда болгондо тил жана маданият маселелерин чечкенге оной болуп калат. Бугүн орус тили биздин экономикабыздын өнүгүүсүнө жолтоо болуп жаткан жок да, тескерисинче, чет өлкөлөрдө биздин 1 миллиондон ашуун жарандар нан таап иштеп, үй-бүлөөсүн багып, Кыргызстандагы туугандарына, ата-энелерине жардам берип жүрүшөт. Жеке өзүлөрү гана пайда көрбөстөн, мамлекеттин экономикасына да салым көрсөтүп келишет. Алардын көбү Россия Федерациясында. Бул мигранттар жыргаган жашоодон Россияга кетишкен жок да. Аларга бул жерден шарт түзүп бере албагандын негизинде, иш орундарын түзө албаганыбыздын айынан кетишти. Аларга шарт түзүп бербегенден кийин, жок дегенде анда зыяныбызды тийгизбейли да.

Бул маселени көтөргөндөр биздин тышкы мамлекеттерде жүргөн жарандарыбыздын укугун, ахвалын жана көйгөйлөрүн эске алуулары абзел. Аларга туура эмес, ойлонулбай сүйлөнгөн сөзүбүздүн залакасы тийип калбайбы деген суроо салышыбыз керек. Россия бизге стратегиялык партнер жана Евразиялык экономикалык шериктеш мамлекет. Экономикалык жактан бизге эбегейсиз чон жардамын берип келет. Бул мамилелерди биз баалап, туура саясат жүргүзүшүбүз керек деп ойлойм. 

- Жакында эле, борбордук аянтта өлкөбүздө жүргөн кытай жарандарына каршы митинг өткөнү баарыбызга маалым? Ушул маселе боюнча сиздин пикириниз кандай? 

- Рахмат. Биринчиден, бул ачык айтканда жакшы эмес көрүнүш. Мунун баардыгы тиешелүү мамлекеттик органдардын жеткиликтүү түшүндүрүү иштерин жүргүзбөгөндүктөн жана калкыбызга маалыматтардын толук кандуу жетпей жаткандыгынын белгиси. Экинчиси, мамлекетибиздин бейпилдигин бузууга кызыктар кандайдыр бир күчтөрдүн бар экендиги ачык көрүнүп калды. Алардын көздөгөнү эмне экендиги белгисиз, бирок өз максаттарына жетүүнүн бир жолу катары алар ушул багытты тандап алгандай сезилет.

Эл арасына туура эмес маалыматты таркатып, эки тараптуу калыптанып калган мамилени бузууга аракет кылган күчтөрдүн ою ишке ашпасы баардыгына маалым. Алар жайылтып жаткан цифралар жана башка көрсөткүчтөр бир нече эселеп көбөйтүлүп көрсөтүлүп атат.

Чындыгында, реалдуу цифралар башкача. Айта кетсек, бул тууралуу маалыматты Кыргыз Республикасынын Ɵкмөтү парламентке келип эл өкүлдөрүнүн алдында да расмий түрдө берди. Кеңири талкуу, суроо-жооптор болуп, депутаттар тарабынан да сунуштар айтылды.

Реалдуу расмий маалымат менен туура эмес таркатылып жаткан маалыматтын айырмасы эки башка болуп чыкты. Айта кетсек, Кыргыз Республикасынын Чек ара кызматынын маалыматына ылайык, биздин мамлекетке 2018-жылдын ичинде болгону 35 215 кытай жараны кирип, кайра 34 436 жаран чыгып кеткен. Бул 2017-жылдагыга салыштырмалуу 6092 кытай жаранына аз кирген. Андан тышкары, Тышкы иштер министрлигинин маалыматы боюнча 2018-жылы кытай жарандары 21 017 виза алышкан, анын ичинде 14 492 виза электрондук негизде болгон. Мамлекеттик каттоо кызматынын расмий билдирүүсүнө карасак, 2018–жылы Кыргызстанда убактылуу жашоого уруксат алган кытай жарандарынын саны – 11 966. Салыштырмалуу 2017-жылы – 18 312 уруксаат кагазы алынган. Анын ичинен, 2018-жылы Кыргыз мамлекетинде убактылуу эмгектенүүгө уруксаат кагазын 9 498 кытай жараны алган болсо, салыштырмалуу 2017-жылы 11 593 жаран алган. Ɵзүнөр байкагандай, тескерисинче, жылдан жылга цифралар азайып атканын көрүп атабыз. Дагы айта кетсек, 2010-2018 жылдарынын аралыгында 60 кытай жараны менен кыргыз жарандары баш кошуп, расмий түрдө үйлөнүү күбөлүктөрүн алышкан. Ал эми, Кыргыз мамлекетинин жарандыгын биротоло 6 кытай жараны алып, мамлекетибиздин тургуну болуп калышкан. Көрдүнүздөрбү, таркатылып аткан маалыматтарда он миндеген жарандар жөнүндө айтып атышты эле, расмий булактар башка бир нече эсе аз цифраларды берип атышат.

Негизинен келген кытай жарандары, булар биздин мамлекетте иштеп жаткан кыргыз-кытай биргелешкен проекттерди ишке ашыруучу мекемелерде жана ишканаларда иштешкен кызматкерлер болуп эсептелишет. Баардыгыбыз билгендей, Кыргызстанда бир топ эл аралык проекттер ишке ашырылып жатат. Алардын көпчүлүгү кыргыз-кытай биргелешкен жана Кытай мамлекети тарабынан каржыланып колдоого алынган иш чаралар болот. Жол салуу, тери иштетүү, кагаз чыгаруу, кийим тигүү, кен казып алуу, айыл чарбасын өнүктүрүү, мунай иштетүү жана тамак-аштарды кайра иштетүү багыттарында биргелешкен ишканалар абдан көп. Алардын саны 600 гө жакын, тактап айтканда 397 кытай ишканасы, 177 кыргыз-кытай биргелешкен компаниялар бар. Ал эми, жалпы Кыргызстан менен Кытай мамлекеттеринин жалпы соода-сатык, товардык айлануусунун көлөмү жана Кытайдын Кыргызстанга көрсөткөн акчалай инвестициялык салымы - 2,1 млрд. доллардан ашты. Ушул ишканалардан биздин мамлекетибизге түшкөн салыктык акча каражаттары - 3,8 млрд сомду түздү. Бул биздин бюджетке эбегейсиз чон салым. Андан тышкары, ишканаларда иштеген кыргыз жарандарынын саны 2500 адамдан ашты, бул деген ошончо адамдын иш менен камсыз болуп, уй бүлөөсүн багып атат деген көрсөткүч.

Кытай Кыргызстандын стратегиялык партнеру болуп, жакшы коңшулук сый мамиледе болуп атат. Дүйнөнү дүнгүрөткөн, экономикасы өтө өнүккөн, миллиарддан ашкан калкы бар гигант Кытай мамлекети менен биз кызматташтык позицияда болуп, түшүнүү менен иш алып барышыбыз керек. Мамилени бузуп алсак, бул бир тараптуу эле Кыргыз мамлекетине зыянын алып келет. Кытай бул жоготууну байкабай да калышы мүмкүн. 

- Кийинки суроо, учурдагы дагы бир актуалдуу болуп жаткан маселе - бул коомчулукту дүрбөлөнгө салган жаны штрафтардын көлөмү, сиздин оюңуз кандай? 

- Рахмат. Жылдын жаңырышы менен коомчулукта резонанс жараткан маселе, чындыгында, ушул жаңы мыйзамдардын күчүнө кириши болду. Кыргыз Республикасынын Президентинин 2012-жылдагы Жарлыгына ылайык, мамлекетибизде жүргүзүлүп жаткан сот-укуктук реформанын алкагында кабыл алынган жана 2019-жылдын 1-январынан тартып колдонууга киргизилген жаңы 5 кодекс жана 2 мыйзам ишке кирээр замат жарандарыбыздын кескин сынына кабылды.

Бул мыйзамдар - Кылмыш-жаза; Жоруктар жөнүндө; Жазык-процесстик; Жазык-аткаруу; Бузуулар жөнүндө кодекстери жана “Пробациялоо жөнүндө” менен “Мунапыс негиздери жана аны колдонуу тартиби жөнүндө” мыйзамдары.

Толуктоолор, өзгөртүүлөр албетте бирөөнө жагат, бирөөнө жакпайт. Жактырган тараптар да болот, жактырбагандар андан көп болот. Бул эми мыйзам ченемдүү көрүнүш. Жашоо бир орунда турбайт да. Бирок коомдун жана мамлекеттин ахвалына жараша, табийгый процесс өз нугу менен жүрө бериши керек. Жогоруда айтып өткөндөй, ар бир өзгөртүүнин артында абдан терең жазалган анализ, экспертизалар, эсептөөлөр, талкуулар турушу зарыл. Катачылыктар кетпей койбойт, алар сөзсүз орун алып турат. Иш жүзүдө иштей баштаганда бул мыйзамдар практикада кандай таасирлерге дуушар болот аны да байкап, ошого жараша кийин кайрадан тиешелүү түзөтүүлөрдү киргизсек болот, ага мыйзам жол берет. Идеалдуу, кынтыксыз мыйзам эч качан болгон эмес, аны баарыбыз билип түшүнүп турабыз. Кабыл алынган мыйзамдардын нормалары, мезгил талабына жараша, реалдуу турмушка ылайык келтирилип туруусу зарыл.

Жакында эле, ушул мыйзамдардын Ɵкмөт тарабынан аткарылышы тууралуу маалыматты Жогорку Кенештин жыйынына келип вице-премьер министр Ж.П. Разаков билдирди. Талкуунун жана суроо-жооптордун жыйынтыгы менен парламент токтом кабыл алып, Кыргыз Республикасынын Ɵкмөтүнө тиешелүү тапшырмаларды берди. Айта кетсек, аракеттеги мыйзамдарды өз ара шайкеш келтирүү, жаӊыдан ишке киргизилген ченемдик-укук актыларында кетирилген калпыстыктарды кайра тактоо, айып-пулдардын көлөмүн кайрадан тактап карап чыгуу, мыйзамдардын ишке ашырылышын камсыз кылган иш-чараларды колго алуу жана башка бир топ маанилүү маселелерге көңүл буруулуусу керектиги белгиленди.

Мыйзамга болгон өзгөртүүлөрдүн эң негизги максаты бул штрафты көбөйтүп бюджетти толтуруу болбошу керек, негизги максат бул - калкыбызды, жарандарыбызды мыйзамды сыйлоого үйрөтүү, айлана чөйрөнү коргоого уйрөтүү, тегерегиндеги башка жарандарды сыйлоо жана аларга аяр мамиле кылуу, мамлекетибиздеги коопсуздукту жана тынчтыкты сактоо, коомубузду укуктук маданиятка үйрөтүү, жол коопсуздугун сактоо, жолдогу болгон кырсыктардын санын азайтуу, жарандардын өлүмүн кыскартуу жана өмүрүн коргоо болушу керек.

Ар бир жараныбыз коомдогу өзүнүн укугун жана милдеттерин билип, жоопкерчилигин сезиши керек. Жоопкерчилик жок болсо, мыйзамды сыйлоо эч качан орнобойт. Өнүккөн, укуктук маданияттын туу чокусуна жетишкен мамлекеттер дагы өз учурунда иш-чараны ушуга окшогон аракеттерден баштаган. Көптөгөн жылдар өтүп, ал мамлекеттеги коом да ошого көнгөн жана журум-турумун мыйзамга ылайыкташтырышкан. Алыс кетпей эле СНГ мамлекеттеринин статистикаларын карасак деле, алардын айып пулдарынын көрсөткүчтөру биздикине караганда кыйла жогору. Албетте, ал мамлекеттердин жарандарынын айлык акылары да жогору деген суроо да туулушу мүмкүн.

Башкасын айтпай эле бир гана беренени мисал катары келтирип, коомчулукта өтө эле талкууга алынган маселенин бири болгон - мас абалында автотранспортту башкаруу беренеси боюнча салыштырмалуу анализ жүргүзсөк, анда биз төмөнкү таблицаны көрөбүз: 

Мамлекеттин аталышы Айып пулдун көлөмү

Улут.вал./АКШ долл. Минималдык айлык акынын көлөмү

Улут.вал./АКШ долл. Курс

АКШ дол.-ул.вал. Эсе айырма

1 Орусия 30 000 руб / 450 9500 руб / 165 1 $ = 66,53 руб. 2,5

2 Казахстан 1 млн тенге / 2631 28 300 тенге / 87 1 $ = 380 тенге 30

3 Ɵзбекстан 4 млн сум / 479 202 000 сум / 24 1 $ = 8345 сум. 20

4 Белоруссия 2500 бел.руб. / 1163 305 бел.руб. / 155 1 $ = 2,15 бел.руб. 7,5

5 Таджикистан 2000 сомони / 212 400 сомони / 40 1 $ = 9,43 сомони 5,3

6 Кыргызстан 17 000 сом / 243 1200 сом / 18 1 $ = 69,8 сом 13,5 

Ɵзүңүздөр байкагандай, эн төмөнкү айлык маянага карата белгиленген айып пулдун өлчөмү Кыргызстанда 13,5 эсеге туура келет. Ал эми алыс кетпей, Казахстан менен Ɵзбекстанда 30 жана 20 эселеп айырмаланат. Демек, бизде бул көрсөткүч салыштырмалуу аз эле деп эсептейм. Эн кымбат болгон адам өмүрү, жарандардын ден соолугу, мамлекеттин жана коомдун коопсуздугу жөнүндө сөз болуп жатканда, эч кандай акчалай өлчөмдөр мааниге ээ болбошу керек деген ойдомун.

Дагы бир белгилей кетчү нерсе, коомдук талкууну өтө эле жараткан «түкүрүк» маселеси. Менин жеке пикирим, негизинен бул айып пулдун киргизилиши абдан туура. Ал эми айрым коллегаларым көтөрүп аткан кодекстин башка бөлүгүнө жазылып калыптыр, юридикалык жактан туура болбой калыптыр деген кептер болгону кодексти даярдаган жумушчу топтун техникалык катасы болушу мүмкүн. Ал өзгөртүүлөрдүн негизинде калыбына келчү маселе.

Тарыхы тереңге кеткен элибизде уңгулуу сөздөрүбүз көп. «Жер эне», «эл эмгегин жер жебейт», «жери байдын, эли бай» жана ушундай жерибизди даңазалаган көптөгөн маанилүү, маңыздуу кептерибиз бекер жерден чыкпаса керек. Анан ошол ыйык жерибизге түкүргөндү кандай бааласак болот. Биринчиден коомдук тартип, экинчиден маданият, үчүнчүдөн гигиена, тазалык, төртүнчүдөн медициналык жагдайды эске алсак, анда бул өзгөртүүнүн киргизилишин жапа тырмак колдоого алышыбыз керек. Бирок бул берененин иштешинин механизмдерин жакшыртуу максатында кайра карап, тактоо иштерин жүргүзүү максатка ылайык десек болот. Коомдук тартипке чакырып, маданияттуулукка үйрөтүүнү биз жарандарыбызга бала кезинен эле жайылтууну колго алуу зарыл. Бул нерсе калкыбыздын калын катмарынын аң-сезимине бекем орноосу мезгилдин талабы. 

- Руслан Нуркалиевич, эми акыркы сурообузду узатсак. Сиз «Кыргызстан» саясий партиясынын өкүлү, парламенттин депутаты катары сиздин партиялашыныз, мурдагы депутат Асылбек уулу Дамирбекке карата Казак Республикасынын Коопсуздук комитети тарабынан козголгон кылмыш иши жөнүндө бир ооз сөз айта кетсеңиз. Коомчулукта бул маселе дагы деле болсо бүдөмүк бойдон калууда? 

- Рахмат. Асылбек уулу Дамирбекти кыргыз спорт күйөрмандары жакшы тааныйт. Жалпыбызга маалым болгондой ал грек-рим күрөшү боюнча эл аралык класстагы спорттун чебери. 1997-жылы Дүйнөлүк чемпионаттын коло призеру наамына татыган. 1998-99-жылдары Азиянын 2 жолку чемпиону аталган жана Кыргызстандын мыкты спортчусу деген титул ыйгарылган. 2000-жылы дүйнөлук чемпионатка катышып эң күчтүү 10 балбандын катарын толуктаган, ал эми 2001-жылы жеңишке жетишип, Азия чемпиону болгон. 2012-жылдан бүгүнкү күнгө чейин өлкөбүздүн күрөш федерациясынын биринчи вице-президенти болуп келет. Ошондой эле, Азиянын спорт күрөшү боюнча кеңешинин (AAWC) төрагасынын орун басары кызматын да аркалоодо.

Спорт чөйрөсүнөн тышкары, Асылбек уулу Дамирбек саясатта да аралашып өзүн жакшы жагынан элге тааныта алды. Кыргыз Республикасынын Жогорку Кенешинин 2009 жана 2015-жылдагы чакырылыштарынын депутаты болуп шайланган. Депутат катары өз шайлоочулары менен тыгыз байланышта болуп, колдон келген жардамын көрсөтүп келди. Коллегалардын арасында өзүнүн орду жана абройу бар эле. Спорт жана жаштардын көйгөйлөрүн байма бай көтөрүп, маселелелерди кабыргасынан коюп турчу.

Ал эми анын Казакстандын коопсуздук кызматы тарабынан кармалышы биз учун абдан күтүүсүз болду. Коомчулукта да бул жагдай кызуу талкууга алынып, бүгүнкү күнгө чейин түшүнүксүз болуп келет. Белгилүү болгондой, 2018-жылдын 17-февралында казак жергесинде экономикалык кылмышка каршы жүргүзүлгөн атайын операциянын жыйынтыгында жалпысынан контрабандалык кылмыш менен алектенет деп 35 адам кармалып, камакка алынган. Анын ичинде Асылбек уулу Дамирбек жана дагы эки кыргыз жараны камакка алынып, убактылуу камоочу жайына киргизилген. Аларга казактардын кылмыш кодексинин 234 Экономикалык контрабанда жана 264 Улут аралык кылмыштуу топтун мүчөсү болуу жана аны түзүү же болбосо башкаруу деген беренелер менен айыптары угузулуп, азыркы учурда тергөө иштери бүтүп, Алматы шаардык сотунда соттук угуулар болуп атат. Соттук териштирүүнүн негизинде бир топ дал келбестиктер жана түшүнбөстүктөр ачыкка чыгып атат. Бара бара баарыбызга толук маалымат белгилүү болот го деген ойдомун.

Коллегабыз Дамирбекке укуктук, моралдык колдоо көрсөтүп, дем берүү иретинде биз Жогорку Кенештин депутаттары утур Алматы шаарына барып, соттук отурумдарга катышып келип атабыз. Жеке өзүм акыркы айдын ичинде эле 5 жолу барып сот отурумуна катышып, процесстин өтүшүн өз көзүм менен көрүп байкоо салып келе жатам. Андан тышкары барып журналисттик байкоо салабыз деген массалык маалымат каражаттарынын өкүлдөрүно тишелүү шарттарды түзүп, уюштуруу жагынан да жардамыбызды берип келебиз.

Эгерда камакка алган учурда Асылбек уулу Дамирбек казак жараны деп таанылып камакка алынса, 2018-жылдын декабрь айынан баштап аны кыргыз жараны катары карап жатышат. Бул болсо соттук процесстин жүрүшүнө сөзсүз өз таасирин оң жагынан тийгизет. Атайын операция учурунда Дамирбектин жанынан табылган казак паспорту мыйзамсыз деп табылып, жарактан чыкты. Демек, анын казак жаран экендиги мыйзамсыз деп аныкталды. Ал эми Казахстан менен биздин мамлекеттин ортосундагы кол коюлган эл аралык келишимдердин негизинде, кыргыз жаранын казактар кармаган учурда өз жарандыгына жараша Кыргызстанга өткөрүп берүүгө толук мүмкүнчүлүк бар. Буюрса бул ишти парламент дагы, коомчулук дагы өз көзөмөлүнө алып, иштин оң жагына чечилишине баардык аракетибизди жумшайбыз деген ойдомун. Рахмат.

- Маанилүү маек куруп бергенинизге рахмат.

- Сиздерге рахмат. Иштеринизди ийгиликтер коштосун.

Кыскача маалымат:

Чойбеков Руслан Нуркалиевич,
Кыргыз Республикасынын Жогорку Кенешинин
Конституциялык мыйзамдар, мамлекеттик түзүлүш,
сот-укук маселелери жана Жогорку Кенештин
Регламенти боюнча комитетинин төрагасынын орун басары

Фото прикрепленное к статьеФото прикрепленное к статье
Стилистика и грамматика авторов сохранена.
Мнение авторов может не совпадать с позицией редакции.
Как разместить свой материал во «Мнениях»? Очень просто
Добавить
Комментарии
Комментарии будут опубликованы после проверки модератором
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком

×