Таза суу үчүн ар бир үйдөн 7 миӊ сомдон чогултулган. Бирок, 3 жылдан бери суу чыга элек.

Чүй | 20:38, 27-январь 2021 | Кароолор: 1 112Аткарыла элек


Чүй облусунун Сокулук районуна караштуу Новопавловка айыл аймагынын Алтын-Ордо конушунда таза суу көйгөйү курч.

Бул суунун жасалып башталганына 3 жылдай болуп калды. Үймө – үй 7 миӊ сомдон чогултуп отурушуп, жалпы 10 млн сомго барган. Буга улай айыл өкмөттөн 4 млн сом, республикалык бюджеттен 14 млн сом бөлүнгөн экен. Ошондо 28 млн сом ушул таза сууга сарпталып атат. Бирок, эмнегедир ушул күнгө чейин таза суу ишке берилбей келет. Сууга акча чогултуп жатышканда, урушуп, жаныбызды койбой атып чогултушкан. Эӊ жаманы, суу түтүктөрүн таштайбыз деп, арыктарды казып таштап коюшкан. Караӊгыда балдар, кары-картаӊдар түшүп кетет деп коркобуз.

Кызжибек

Пикирлер модератордун текшерүүсүнөн кийин жарыяланат
Для добавления комментария авторизуйтесь