Караколдун борборундага таштанды

Ысык-Көл | 10:08, 1-февраль 2021 | Кароолор: 1 434Аткарыла элек
 
Каракол шаарынын так борборунда орун алган таштанды челектердин деги акыр чикирлер шаардыктардын дайым нааразычылыгын жаратып келет.
Себеби, бул таштандыга коюлган челектер дайым толуп, айланасында да жаткан акыр чикирди көрүүгө болот.
Алар  Ж.Жусаев жана Гагарин көчөлөрүнүн кесилишинде орун алган.
"Дайыма ушу көрүнүш.  Бул жер шаар борбору, окуу жай, спорт мектеп, дүкөндөр, чиркөө да ушул жерде. Эл эң көп өтөт. Анан тургундар да алыстан туруп алып гана таштандысын ыргытып атканын көрөсүң. Кандай чара кылыш керек билбейсиң. Балким челектерге жапкыч керек. Бирок аны ачып салып, жаап коюшат дегенге кепилдик жок. Ит куш таштанды ташып, шаардын көркү бузулуп турганы турган"- дейт шаардыктар.
Пикирлер модератордун текшерүүсүнөн кийин жарыяланат
Для добавления комментария авторизуйтесь