Нарын районунун Кара-Кужур өрөөнүндөгү мышык ыйлаар абалдагы унаа жолу

Нарынский район | 09:42, 4 февраля 2021 | Просмотров: 2 248Не выполнено

Нарын районунун Кара-Кужур өрөөнүндөгү мышык ыйлаар абалдагы унаа жолу

Нарын районунда караштуу Кара-Кужур өрөөнүндөгү Кара-Кужур, Жер-Көчкү жана Лахол айылдарына бара турчу унаа жолу мышык ыйлагыдай абалга кептелди. Бул тууралуу аталган айылдын тургуну Гүлайым Абдылдаева кабарлады.

Анын билдиргенине караганда, Нарын облусугун Нарын районунун Кара-Кужур айыл аймагындагы айылдарга баруучу унаа жолдорунун абалы бүгүнкү күндө мышык ыйлагыдай абалда келген.

"Лахол айылындагы эскилиги жетип, чирип калган көпүрө дагы бар, аны менен катар унаа жолдун бүгүнкү абалы ушундай. Башка айылдарга, район борборуна ушул шыйпыр болуп калган жол менен барып келебиз. Барып келгиче чарчайбыз. Жолун начардыгынан улам унаалар дагы бат баттан бузулуп жатат. Жергиликтүү бийлик өкүлдөрү бул жолду өз убагында түздөп, түрттүрүп турушса болмок",- деди аталган тургун. 

Видео:

Комментарии будут опубликованы после проверки модератором
Для добавления комментария авторизуйтесь