- Баш барак /
- Нарын /
- Ак-Талаа району
Баетовдо мончонун саркынды суусун арыкка төгүп жатышат
Нарын облусунун Ак-Талаа районунун Баетов айылынын тургундары мончодон чыккан саркынды сууну Кайыңды-Булак айылына сугат суусу бара турчу арыкка төгүп жаткандыгын айтып, нааразы болушууда.
"Айылдын этегиндеги Кайыңды-Булак айылына сугат суусу агып бара турчу арыкка мончолор чыккан кир сууну төгүп жатышат. Уяты жоктор. Экотехинспекция, акимчилик, айыл өкмөт каякты карап отурат. Бул арык менен жазында Кайыңды-Булакка суу агып барат. Ал жактан балдар ойнойт, мал суу ичет", - дешти алар.
Учурда окулууда
Таласта бир күндө каза болгон классташ кыздар: Алар жерге берилди
Окуп жаткандар: 16
Бир күндөгү 4 өлүм: Таласта 2 кыз, 2 бала каза болду
Окуп жаткандар: 5
«Ош» аэропортунда Бишкекке келүүчү учак 3,5 саатка кармалды
Окуп жаткандар: 1