Баетовдо мончонун саркынды суусун арыкка төгүп жатышат

Ак-Талинский район | 23:55, 7 февраля 2021 | Просмотров: 1 155Не выполнено

Нарын облусунун Ак-Талаа районунун Баетов айылынын тургундары мончодон чыккан саркынды сууну Кайыңды-Булак айылына сугат суусу бара турчу арыкка төгүп жаткандыгын айтып, нааразы болушууда.

"Айылдын этегиндеги Кайыңды-Булак айылына сугат суусу агып бара турчу арыкка мончолор чыккан кир сууну төгүп жатышат. Уяты жоктор. Экотехинспекция, акимчилик, айыл өкмөт каякты карап отурат. Бул арык менен жазында Кайыңды-Булакка суу агып барат. Ал жактан балдар ойнойт, мал суу ичет", - дешти алар.

Комментарии будут опубликованы после проверки модератором
Для добавления комментария авторизуйтесь