Электр энергиясы элеттиктерди койгойго салууда.

Баткен району | 16:05, 10-февраль 2021 | Кароолор: 1 144Аткарыла элек
Баткен районунун Кара-Бак айыл өкмөтүнүн Куруксай конушу айыл болуп түптөлгөнүнө 10 жылдан ашык убакыт болгон, бирок айылга ушул күнгө чейин толук кандуу электр энергиясы жетпейт. Жергиликтүү калк өз күчү менен тал теректен мамыларды тургузуп электр энергиясын тартып алган.
"Биз 2011-жылдан бери ушул жерде жашайбыз. өзунузд өзр корүп тургандай 2011-жылдан бери ушундай корунуш.ушул жерд" дейт Кара е жашагандар эптеп-септеп мына ушуинтип сталбаларды жасап алганбыз.маммлекет тарабынан эч кандай жардам жок.2021-жыл болуп жатат.Ошол убактан бери мына ушундай сталбалар" дейт Кара-Бак айылынын тургуну Садырбай Салиев.
Талапка жооп бербеген мамылардын айынан жарыкта жетишсиз болот. Бул көрүнүшкө жашоочулар көнүп деле калышкан, бирок адам өмүрүнө  кооптулугу  жогору экенин айтышат.
"ушул жерде жашап кунубуз отуп жатат.Электр энергиясы боюнча кайрылбаган жерибиз калган жок.акимге да, губернаторго да бардык.откон жылы ушул сталбалардын бироосу кулап,уйдун устуно тушуп, уй олуп калдыЭгерде ошол уйдун ордуна жаш балдар болгондо ким жооп берет эле?" дейт дагы бир жергиликтуу тургун Асылбек Бекназаров.
Талапка жооп бербеген мамылардын айынан жарыкта жетишсиз болот. Бул көрүнүшкө жашоочулар көнүп деле калышкан, бирок адам өмүрүнө  кооптулугу  жогору экенин айтышат.
"Качан энерго холдинг кочолорго болунгон электр энергиянын акчасын элге бергенде онолот.Айыл окмоту озубуз дотацияда турабыз.Откон жылы 1,5млн сом электр энергиясы, сталба, трансформаторлорго болунгон." дейт кара-Бак айыл окмотунун башчысы Абдикарим Каланбеков.
Ал эми электр энергияны саткан Ош электро ачык акционердик коомунун Баткен облусундагы өкүлүнүн айтымында,  электр энергияны жеткирүү жергиликтүү бийлике жүктөлгөн. Ош Электо ААКнын Баткен облусундагы өкүлү Мунарбек Султановтун айтымында КРнын шаар куруу боюнча мыйзамынын негизнде  айыл элинин инфраструктурасына, электр энергиясы менен камсыздоо, таза суу, жол менен камсыз кылуу тактап айтканда инфраструктураны жакшыртуу жагына жергиликтуу бийлик жооп берет жана аткарат.
Баткен облусунда жүз миңден ашуун электр энергриясын пайдаланган абонент катталган болсо ар бир район шаардагы жаңы конуштарда абонентерге электр энергиясы толук жетпейт. Жергиликтүү бийлик айрым аймактарда акырындап маселени чечип жатса бийликтин колу жетпеген аймактардын эли электр энергиясын өз күчү менен тартууда, Мындан улам жергиликтүү серепчилер Баткен облусун Ош Электронун курамынан чыгарып өзүнчө Баткен Электро кылып түзүү керектигин айтышат
Пикирлер модератордун текшерүүсүнөн кийин жарыяланат
Для добавления комментария авторизуйтесь