Жалал-Абадда жол чырактар иштебей айдоочуларга ыңгайсыздыктар жаралууда.

Жалал-Абад шаары | 09:03, 16-февраль 2021 | Кароолор: 592Аткарыла элек

Жалал-Абад шаарында жол чырактар иштебей айдоочуларга ыңгайсыздыктар жаралууда. Белгилүү болгондой калаанын негизги болгон Н. Айтматова жана Эркиндик көчөлөрүнүн кесилишиндеги жол чырактын бузулганына бир нече күн болгон, бирок аны тиешелүү кызматтар көзөмөлгө албай келет.

“Шаардагы эки көчөдө тең транспорттордун кыймы эң көп болот жана ошол көчөлөрдун кесилишинде мектептер да жайгашкан. Мындай көрүнүш айдоочулар эмес, жөө жүргүнчүлөр, тагыраагы мектеп окуучуларына өзгөчө коркунуч жаратат. Бир нече күндөн бери жол чырак иштебей турат, аны эч ким көзөмөлдөгөн жок. Жеке өзүм да бүгүн ошол кесилиштен өтүп бара жатып, жол кырсыгына кабылышыма аз калды. Ушуну оңдоп койсо жакшы болмок”,-деди шаар тургуну Бектур Мааданбеков.

Мындан сырткары ал калаадагы светафорлордун 80%ы эскилиги жетип калганын, көп учурда бузулуп калаарын кошумчалады.

Пикирлер модератордун текшерүүсүнөн кийин жарыяланат
Для добавления комментария авторизуйтесь