Нарында үй-бүлөлүк дарыгерлер тобунда дарыгерге көрүнгөн бейтаптар көп санда болууда

Нарын шаары | 15:45, 16-февраль 2021 | Кароолор: 2 881Аткарыла элек

Нарын шаарындагы үй-бүлөлүк дарыгерлер тобунда дарыгерлерге көрүнүү үчүн келген бейтаптар саны өтө көп санда болууда. Окурман билдиргендей ал аталган үй-бүлөлүк дарыгерлер тобунан окуу жайга тапшыруу үчүн форма 83 спарвкасын толтуруу үчүн 2 күн кеткенин билдирди.

"Кудайга шүгүр, буга чейин ооруканага каттачу эмес элем. Окууга тапшыруу үчүн форма 83 справкасын алуу үчүн дарыгерлерге көрүнүү керек болду. Бир справканы алуу үчүн 2 күн убакыт кетти, ар бир дарыгерге текшерүүгө кирүү үчүн ооруп баргандар, көрүнгөндөрдүн саны көп экен. Очередь жетпей бир күн кетти, эртеси эртең менен барып араң дарыгерге кирдим. Аталган оорукананын дарыгерлери түшкү саат 12:00гө чейин бейтаптарды көрүп, түштөн кийин бейтаптарды көрбөйт экен. Жумуштарына дагы түштөн кийин келбей коюшат экен",- деди шаар тургуну.

Пикирлер модератордун текшерүүсүнөн кийин жарыяланат
Для добавления комментария авторизуйтесь