Поле-Чудес айылында саркынды суулар 1 күндүн ичинде толуп калып жатат.

21:34, 21-февраль 2021 | Кароолор: 535Аткарыла элек

Чүй облусунун Сокулук айылындагы Поле-Чудес (Баевтов) айылында саркынды суулар 1 күндүн ичинде толуп калып жатат. Биз турган жерде суу жер алдынан 1 метрден кийин эле чыга баштайт. Ошол себептен өзүбүз казып, жасап алган саркынды суулардын чуӊкуру 1 күндүн ичинде толуп калып жатат. Кайрылбаган жерибиз калган жок. Баары эле «макул» деп коюп, эч кандай иш жасалган жок. Борбордук канализацияга кошуп беришсе жакшы болмок. Анткени биз Бишкек шаары менен чектеш жайгашканбыз. Айылдын ылдый жагына арык (дренаж) каздырылган. Ошондон суунун көлөмү ылдыйлап, арык аркылуу агып кетчү. Бирок, элдер унаа өткөнгө жол жасашып, арыкты жаап салышкан. Ошону менен суу кайра эле толуп жатат.


Айжамал Бекмуратова

Пикирлер модератордун текшерүүсүнөн кийин жарыяланат
Для добавления комментария авторизуйтесь