«Өз жеринде кор болуп жаткан элден кабар алыӊыз»: Учактар бизге кулап кетчүдөй учушат.

21:45, 21-февраль 2021 | Кароолор: 817Аткарыла элек


Чүй облусунун Сокулук районундагы Ново-Павловка айыл аймагына караштуу Дача-Сунун жашоочулары 4 жылдан бери коркуп жашап келебиз. Жалпыга белгилүү болгондой аталган айылда учак кырсыкка учурап, элдин түн уйкусун бузуп, бир канча кишинин өмүрүн алган. Күнүнө бир канча жолу чатырыбыздын үстүнөн учактар учуп өтүшөт. Алар учканда күрүлдөгөн үн менен келип, терезелерибизди титиретип кетишет. Балдарыбыз чочуп калышкан. Түнү учканда биз дагы коркуп тура калабыз. Себеби, түн ичинде тынч жатып калганыбызда, аябай катуу угулат. Эгер учактын үнү угулуп келип, андан ары жоголуп кетсе, «каякка кулады?» деп коркуп терезеден карайбыз. Баягы кырсыктан кийин бизде ушундай коркуу сезим пайда болгон. Же айылдын статусу жок, же каттообуз жок. Жашоочуларыбыз ар кайсы жерде каттоодо турушат. Таза суу, электр жарыгы да аябай көйгөлүү. Айыл деген статус беребиз деп кезинде М. Абылгазиев убада кылган, кийин С.Жеенбеков да бул темага кайрылган, бирок сөз түрүндө эле калды. Балким жер коркунучтуу болгондуктан статус берүүгө мүмкүн эместир. Акимчилик, айыл өкмөтү убаданын үстүндө гана келатышат. ФАПты болсо эл өз аракети менен салып алса да, ага уруксат берилбей, ишке кирбей турат. Биз КРнын ички мигранттарыбыз. Кезинде жакшы жерлерден жер алуу, үй алууга акыбалыбыз жетпей, ар жерде батирлеп жүрүп ушул жерге отурукташып калганбыз. Биздин талап, мамлекет жакшылап көңүл буруп, жер маселесин, мектеп, бала бакча, ФАП көйгөйлөрүн карап берсе. Дача Сунун окуучулары ар кайсы айылга барып окушат. Кээбир мектеп албай койсо, башкасына барып орноштурабыз. Өз жеринде, өз элинде кор болуп жаткан элден кабар алуунуздарды суранабыз.

Дача –Су айылынын жашоочусу Темирова Айзада Эсенбековна.

Пикирлер модератордун текшерүүсүнөн кийин жарыяланат
Для добавления комментария авторизуйтесь