8 жаштагы кыз түшүп кеткен кудуктун үстү көп жылдан бери жабылбай турат.

21:59, 21-февраль 2021 | Кароолор: 254Аткарыла элек

Чүй облусунун Москва районуна караштуу Беловодский айылындагы Колхозная көчөсүндөгү суу түтүгү орнотулган кудуктун үстү көп жылдардан бери жабылбай турат. Суу алганы келгенде баарыбызга эле коопту. Өткөн 2020-жылдын жайында 8 жаштагы окуучу кыз кудукка түшүп кетип, буту сынып калган. Мындай кооптуу маселе жергиликтүү бийлик тарабынан чечилбей келет. Үстү ачык, суу түтүгү сынык, ага кошумча желим түтүк уланган кудукка суу толуп, көчөбүздү каптап жатат.

Пикирлер модератордун текшерүүсүнөн кийин жарыяланат
Для добавления комментария авторизуйтесь