Балыкчы шаары | 16:05, 22-февраль 2021 | Кароолор: 177Аткарыла элек

Ош шаарындагы тоок базарда, тоок союп, тазалоочу жайдын санитардык абалы көңүлдү айлантат

Ош шаарындагы муниципалдык борбордук базарында жайгашкан тоок базардын абалы көңүл иренжитерлик абалда.

Тартылган сүрөт, видеодо байкалгандай тоок сатуучу жайда тоокторду союп, тазалап берүүчү жай бар. Ал жерде шарттар каралган эмес жана эч кандай санитардык талаптарга жооп бербейт.

Тоок базарга беринчи жолу келип жаткан шаар тургу Айзада Керимова, Ошто тооктар мындай шартта сатылат деп ойлогон эмес.

"Мага бул жерден тоок сатып алба деп жакындарым айтты эле. Бирок мынчалык кир деп ойлогон эмесмин. Тоокту өздөрү союп, 50 сомго тазалап беришет экен. Ал жерде тазаланган тоокту мен жей албайм. Өтө кир, көңүлүм айнып кетти. Бул көрүнүштү көпкө чейин унута албасам керек. Көрсөңүз иттер аралап, баарын жалап жүрөт. Мен бул жерге башка келбейм",- деди Айзада.

Пикирлер модератордун текшерүүсүнөн кийин жарыяланат
Для добавления комментария авторизуйтесь