Үй-бүлөмдү алып келе албай, шорум катты

21:17, 22-февраль 2021 | Кароолор: 8861Аткарыла элек

Азамат Кулманбетов Нарын Ак-Талаа районунун Кара-Бүргөн айылында төрөлгөн. Учурда Москвада иштейт.

Менин Москва шаарында иштеп жүргөнүмө 3 жыл болду. Жубайым жана 1 жарым жаштагы уулум учурда Кыргызстанда. Үй-бүлөм 1 айдан бери Москвага келе албай кыйналышууда.

Анткени, 1 жарым жаштагы уулума жарандык паспорт алыш керек экен. Паспорт алалык десек, Ак-Талаа районун паспорт берүү мекемеси "атасынын макулдугу керек" деп бербей жатышат. Макулдук алып берейин деп Москвадагы нотариустарга кайрылсам "балаңдын митиркасы, жубайың экөөңдүн нике күбөлүгүңөр барбы?", - деп сурады. Бар десем, "баардык документтериңер турса, макулдуктун эмне кереги бар. Паспорт бере беришпейби... эмне деген мыйзам менен жашайсыңар?" деп шылдыңдап күлүштү. Бирок, макулдук кагазын берүүгө макул болушуп, баламдын митиркасынын оригиналын сурашты. Митирканын көчүрмөсүн алып барсам жаратпай коюшту. Алар документтин көчүрмөсү эмес оригиналынын негизинде гана иш алып барышат экен. Макулдугумду (согласия) берсем балама паспорт берет экен. Анан ал паспорттун негизинде Кыргызстандын же Россиянын нотариусу балама кайра ишеним кат (доверенность) жазып беришет экен.

Жубайым экөөбүздүн нике күбөлүгүбүз, уулумдун митиркасы турса, ошол райондун базасында каттоодо турсак... эмне үчүн уулума загранпаспорт бербей минтип кыйнап жатышат. Үй-бүлөмдү сагындым. Бул жакка жыргаганымдан келген жокмун. Кыргызстанда туруктуу жумуш жоктугунан улам келгем. Мага окшоп балдарына загранпаспорт ала алышпай, үй-бүлөсүн Москвага алып келе албай жүргөндөр көп болууда. Биздин көйгөйүбүздү чечип бере турган бийлик барбы? Деги мыйзамдар биздей карапайым эл үчүн качан жеңилдейт?... же ушинтип шорубуз катып жүрө беребизби. Москвадагы нотариустар иштегендер "кичинекей балага дагы загранпаспорт беришеби, паспорт бериш үчүн мынча документтин эмне кереги бар" деп шылдыңдап жатышат.

Пикирлер модератордун текшерүүсүнөн кийин жарыяланат
Для добавления комментария авторизуйтесь