Оңдой коюп оорукана кылабыз дебей, ойлонуп иш кылалы

17:38, 23-февраль 2021 | Кароолор: 677Аткарыла элек

Ак-Талаа районунун Баетов айыл өкмөтүнө караштуу Кайыңды-Булак айылында мурунку автобазанын 3 кабаттуу имараты аңгырап бош турат. Бул автобазаны союз тараганда Камчыбек Жолдошбаев деген эргул арзыбаган акчага сатып алып, менчиктештирип алган. Кийин, Баетов айылынын 90 жылдык мааракесинде айыл өкмөткө мектеп кылгыла деп өткөрүп берген. Мектеп катары пайдаланууга болбойт. Анткени, Кайыңды-Булак айылында окуучулардын саны аз. Ушул имарат эч нерсеге кереги жоктой ээн турат. 

Күз мезгилинде Ак-Талаа районунун 85 жылдыгын өткөрөбүз деп жергиликтүү бийлик шымаланып киришип, автобазаны оңдоп-түздөп оорукана кылабыз деп жатышат. Бир аз ойлонуп иш алып барышса жакшы болот эле. Оорукана кылганга болбойт. Андан көрө, айылдын чок ортосунда орун алган Мааданбек Барашов атындагы кесиптик лицейди ошол имаратка которуп, ал эми лицейдин имаратын бала бакча кылыш керек. Баетов айылында 3 бала бакча бар болгону менен, бир бала бакча бирөөнүн менчик үйүндө ижара акы төлөп иш алып барууда. Бала бакчада орун жетишсиздигинен көптөгөн балдар кезекте турат. Ал эми оорукана үчүн азыркы оорукана жайгашкан жерге кошумча корпус куруу зарыл.

Бош турган имаратты оңдой калып оорукана кыла коёбуз дебей, бир аз ойлонуп иш кылуу керек. "Баш иштебесе буту колдун шору" болбой, ылайыгына жараша ылгап иш жүргүзсөк кантет ия? 


Адилет Сагыналиев

Пикирлер модератордун текшерүүсүнөн кийин жарыяланат
Для добавления комментария авторизуйтесь