Эки электр мамысы кыйшайып, элге коркунуч жаратууда

18:47, 24-февраль 2021 | Кароолор: 845Аткарыла элек

Жооп алынды: Кара-Бүргөндөгү кыйшайган карагайлар түздөлдү

Ак-Талаа районунун Кара-Бүргөн айылынын Тутун Калчабаев көчөсүнүн №17 үйдүн тилкесиндеги 2 электр мамысы кыйшайып, жыгылып калчудай болуп кооптондуруп турат. Бул боюнча райондук электр тармагы ишканасына кайрылганыбызга 1 жыл болду. Жетекчиси өткөн жылы жаз мезгилинде эле түздөйбүз деген. Ошол боюнча дайын жок. 

Жыгылгана калган 2 карагай тең менин үйүмдөн жанында. Андан ары турган карагайды кошуналар болуп түздөгөнбүз. Түбү сынып калган. Анан, бул карагайларды түздөйлү десек түбү сынып калчудай. Кайрылганыбызга 1 жылдан ашты. Келип түздөп коюшпайбы. 

Баатай Молдобай уулу, Кара-Бүргөн айылынын тургуну 

Пикирлер модератордун текшерүүсүнөн кийин жарыяланат
Для добавления комментария авторизуйтесь