Москва районунун базарындагы электр мамысы кооптуу абалда

15:11, 27-февраль 2021 | Кароолор: 311Аткарыла элек

Чүй облусунун Москва районундагы базардын (жекшемби күнү болуучу) кире беришиндеги көп жылдан бери кооптуу абалда турган электр мамысы бизге коркунуч жаратып жатат. Жакында жаз келип, жер жумшай баштаганда электр мамысы жерге кулап түшүүсү да мүмкүн. Эгерде, ошондой жагдай түзүлсө(кудай сактасын), кимдир бирөөлөрдү басып калуусу да ыктымал. Дегенибиз, алдын ала кандайдыр бир иш чара колдонулса, эл каттамы көп жайдагы көйгөй жараткан маселе чечилет эле. Жергиликтүү тургундардын билдирүүсү

Пикирлер модератордун текшерүүсүнөн кийин жарыяланат
Для добавления комментария авторизуйтесь