Ыплас иштерди ким тыят

Каракол шаары | 18:18, 27-февраль 2021 | Кароолор: 270Аткарыла элек

Каракол шаарынын эң туристтер көп каттаган аймагында жашайбыз. Тагыраак айтканда тоо лыжа базасына бара жаткан жолдогу (винзавод) аймагында. Бирок заводдун үстүндөгү жол таштандыга толгон. Ал жерден биз машруткага өтөбүз. Кечкисин ар кандай унаалар токтоп, ыплас иштерди жасашат. Ал убакта окуучулар мектептен келе жаткан болот. Бак арасында топтошуп эки экиден арак ичкендер. Бул аймакка жол жарыктандыргычтарды койсо .Тийиштүү адистер рейд кылса дейбиз. Балдардан коркобуз. Унаада мастар сүйрөп кетсе не болот. Жарык болсо уялып келбей калышабы дейбиз

Пикирлер модератордун текшерүүсүнөн кийин жарыяланат
Для добавления комментария авторизуйтесь