" Көмүрүбүз ылайга аралашып жатат"- Вознесеновканын соцшаарчасындагы аялдардын арманы.

23:04, 27-февраль 2021 | Кароолор: 306Аткарыла элек

Чүй облусунун Панфилов районундагы Вознесеновка айылында арабдардын көмөгү менен соцшаарча курулган. Биз 10 үй-бүлө ага 2017-жылдын 31-августунда көчүп киргенбиз. Ошондон бери кышында отун, көмүр  коё турган жерибиз жок. Эшикте карга, ылайга аралашып жатат.  2019-жылы таза суу да чыгарылган. Учурда андан кум аралаш ылай суу чыгууда. Таштандыны атайын чуңкур казып, ошого төгөбүз. Аны түнү менен көчө иттери ары-бери сүйлөшөт.  Деги, бул маселени ким чечет?  Биз өзүнчө бөлүнүп калган соцшаарча эмеспизби?

Пикирлер модератордун текшерүүсүнөн кийин жарыяланат
Для добавления комментария авторизуйтесь