Бензин ташыгандар...

Лейлек району | 11:05, 1-март 2021 | Кароолор: 826Аткарыла элек

Баткен облусунун Лейлек районунда 10 тонна бензинди тажик тарапка өткөрүп жаткан "КамАЗ" УКМК тарабынан кармалыптыр. Күлкүң келет.

Бул мага окшош түсү суук "КамАЗдарга" сулуу фуралар бензинди алып барып куюп берет. Анан булар тажик тарапка өткөрүп, кызмат акысын алат. Балыкты кармабай, уругун кармаган УКМК аман эле болгула.

Биздин Кызыл-Кыя, Ноокат жолунан өтө керилген сулуу фуралар тынбай өтөт. Анан эле ушул тымтыракайы чыккан "КамАЗ" кармалат. Туура кармагыла, кубаттап колдойбуз. Бирок балыкты жок кылмайын, икраны жок кылуу мүмкүн эмес.

Пикирлер модератордун текшерүүсүнөн кийин жарыяланат
Для добавления комментария авторизуйтесь