Кара-Суу районунун Ачы айылында санариптик толкун жок

Кара-Суу району | 15:00, 1-март 2021 | Кароолор: 490Аткарыла элек

Кара-Суу районунун Катта-Талдык айыл өкмөтүнө караштуу Ачы айылында санариптик толкун жок. Аталган айылдагы 30 үй-бүлөнүн антенналары санариптик толкунду кармай албай жатат. Мунун айынан тургундар Өзбекстандын телеканалдарын көрүүгө мажбур болууда. Жаш балдар өзбекче сүйлөп калды.

Катта-Талдык айыл өкмөтүнө арыз жазсак, адистери "барабан антенна алгыла" деп кетип калышты. Буга чейин өкмөт Кыргызстандын бардык жагына санариптик теле мунаралар орнотулганы боюнча маалымат берди эле. Бирок айрым айылдарда дагы деле жок. Ошондо айыл өкмөт санарипке бөлүнгөн акчаларды кайда коротту?

Пикирлер модератордун текшерүүсүнөн кийин жарыяланат
Для добавления комментария авторизуйтесь