Таластын борборундагы талкаланган балдар аянтчасы

Талас шаары | 15:34, 1-март 2021 | Кароолор: 0Аткарыла элек

Талас шаарынын борбордук бөлүгүндө жайгашкан "№200" көп кабаттуу үйдүн алдында балдар ойноочу аянтча бар. Мурун абалы жакшы болчу. Убакыттын өтүшү менен баары эскирип, учурда бир-эки гана селкинчек турат. Алардын да темирлери чыгып, балдар үчүн кооптуу.

Бир нече жолу балдардын денесин тытып кеткен учурлар катталды. Бул жерден канализация жана башка системалар өтөт. Эч биринин үстү жабылып же тосулган эмес. Ушул өзүбүз эле жашаган жерде балдарды жалгыз оюнга чыгаруудан коркобуз. Ушул көйгөйүбүз чечилип, балдарыбызга жакшы, коопсуз оюн аянтчасы болсо. Талас шаарынын мэриясы муну качан көзөмөлгө алат?

Пикирлер модератордун текшерүүсүнөн кийин жарыяланат
Для добавления комментария авторизуйтесь