Бекмолдодо трассаны ээлеген малдар айдоочуларга көйгөй жаратууда

Талас району | 15:38, 1-март 2021 | Кароолор: 881Аткарыла элек

Талас районунун Бекмолдо айыл аймагынын Кеңеш айылында эл малын көчөгө бош коё беришет. Биз жумушка байланыштуу ал жерден күн сайын өтөбүз.

Талас-Тараз-Суусамыр автожолу болгондуктан бул жерде Бишкек-Талас-Ош каттамдары тынбай каттайт. Бул жерде канча деген малдын катышуусунда автокырсыктар катталды. Ага деле эл кайдыгер карап, малына эч кандай жоопкерчилик албай жолго коё беришет.

Жакында эле менин автоунаам менен кырсыкка кабылдык. Жолдун жээгинен эки уй чуркап чыгып калды. Мен тажрыйбалуу айдоочу болгондуктан, тез туура жакка буруп калдым. Анда деле унаамдын күзгүсү сынды. Ичинде жүргүнчүлөр жаракат албаганына сүйүндүм.

Малдын ээсине барсам эч кандай жоопкерчилик алган жок. Малды кароосуз жолго таштабаса. Малдан өтө албай тыгын жаралган учурлар да болот. Жергиликтүү бийлик көзөмөл кылса жакшы болот эле.

Пикирлер модератордун текшерүүсүнөн кийин жарыяланат
Для добавления комментария авторизуйтесь