1999-жылдан берки көйгөйдү чечүүгө 1 млн сом аздык кылдыбы?

Сокулук району | 21:36, 1-март 2021 | Кароолор: 609Аткарыла элек





Таза суу үчүн 1 млн сом бөлүнгөн. Бирок, бизде дагы деле суу көйгөйү күч. Анда сөз башынан болсун.

Жыламыш суусуна түтүк салып, андан айылга таза суу чыгарылган. Бирок, кыш мезгилинде ал сууну муз каптап, түтүктүн ичи тоӊуп, айылга суу келбей калат. Айыл жаштары күн сайын чогулуп, аны тазалап турабыз. Бул биринчи көйгөй.

Экинчиден, айылдын башында, ошол Жыламыш суусуна жакын жайгашкан кашарлар, мал сарайлар бар. Алардан чыккан саркынды суунун баары теӊ ошол түтүккө кошулуп жатат. Мындан сырткары агын суудан мал-жандыгы өлүп калат же акыр-чикир кошулуп кетет, айтор ичүүгө мүмкүн эмес болуп жатса да колдонуп жатабыз. Бул 1998-1999-жылдардан берки көйгөй. Эми жаздын күнү кар ээрип, жердин баары «былчылдап» эзилип баштаганда, ылай суу иче баштайбыз. Союздун убагында курулган жердин алдынан чыккан үч (скважина) суу кудугубуз бар. Былтыркы жылы дагы Чүй облустук өнүктүрүү фондунун каржылоосу менен 1 млн 227 миӊ сом келип, 3 мотор, 1 лабораториялык чыпка (филтр) коюлуп, бир сыйра жаӊыртылган. Бирок, ушундай жасалган иштерге карабай, бул суу кудуктарыбыз иштебей турат. Айыл өкмөттөн сурасак, ал жердин электр тармагы жасалбай, электр эсептегичи коюлбай калганын жана булактын тереӊдиги эсептелинбей, туура келбей жатканын айтып жооп берип келишет.

Сокулук районуна караштуу Жыламыш айылынын тургундары.

Пикирлер модератордун текшерүүсүнөн кийин жарыяланат
Для добавления комментария авторизуйтесь