Өнүккөн өлкө же Алмалуу айылынын арманы…

Кеминский район | 22:39, 1 марта 2021 | Просмотров: 923Не выполнено

Чүй облусунун Кемин районундагы Алмалуу айылында жашоочулар таза сууга зар. Айыл ичинде жалгыз бир суу түтүгүбүз бар. Кыргызстан өнүгүп жатат деп айтып жатабыз, бирок биздин айыл 21-кылымда таза сууга зар болуп жашайт. Элестетиӊиз, ушундай сууктун күнү кичинекей балдар желим бөтөлкө менен суу ташып ичип жатышканын. Аябай өнүгүп жатыптырбызбы?

Бизге чейин Кызыл-Суу деген айыл бар. Мына ушул Алмалуу менен Кызыл-Суу айылдарына таза суу бир эле жерден чыгарылган. Ошол себептен биринчи айылда суу агызып, ичип жатышкан босо, экинчи айылдагы таза суу чыкпайт. Негизи Кызыл-Суу айылы абдан чоӊ айыл. Анан элестетиӊиз, алар сууну ачканда бизде кандай абал болорун.

Ошол эле маалда элдин арасында түшүнүгү аз кишилер да болот экен. Сууну ачык таштап койгондору да бар. Ошолор башка кишилерди да ойлоп, сууну сарамжал пайдаланышса жакшы болмок. Азыркы өнүккөн заманда деле биздин эл эшекке фляга жүктөп суу ташышат. Эшеги, флягасы жоктор желим бөтөлкөлөрдү пакетке салып барып, толтуруп келишет. Бул көрүнүш жайында дагы, кышында дагы орун алган.

Алмалуу айылынын жашоочулары

Комментарии будут опубликованы после проверки модератором
Для добавления комментария авторизуйтесь