Туткаларын жулуп, талкалап кетишет

Ак-Талаа району | 20:40, 2-март 2021 | Кароолор: 896Аткарыла элек

Баетов айылынын Эсенгул Карасартов атындагы орто мектеби жаңы салынгандыктан райондогу спорттук мелдештер мектептин спорт залында өткөрүлүүдө. Мелдештер өткөнү жакшы. Бирок, каалгалардын туткаларын жулуп, талкалап кетип жатышат. Ал аз келгенсип залга таштандыларды таштап кетишет. 

Мелдеш башталарда жетекчилер "эшик-каалгаларын талкалабагыла, таштанды таштабагыла" деп көрүүчүлөрдү, колдоочуларды маданияттуулукка чакырып, эскертүү берип коюшса. Биз айтсак эч ким тоготпойт. Азабын биз эле тартып жатабыз. 

Аман Жээнбаев, дене тарбия мугалими

Пикирлер модератордун текшерүүсүнөн кийин жарыяланат
Для добавления комментария авторизуйтесь