Менчикке өтүп кеткен маданият үйүн кайтарууга өкмөттө акча жок

Ноокат району | 11:40, 3-март 2021 | Кароолор: 782Аткарыла элек

Ноокат районунун Жаңы-Ноокат айыл өкмөтүндөгү менчикке өтүп кеткен маданият үйү боюнча бир нече жолу кайрылуу жасаганбыз, жыйынтык жок болууда. Союз тараган убакта колхоздун мүчөлөрүнө бөлүнүп кеткен, алар эптей албай жеке менчикке сатып ийишкен.

Имараттын абалы такыр жараксыз болуп калган. Мамлекет сатып алууга акчасы жок экен. Эми ал жер тойкана же ашканага айланып кетиши мүмкүн.

Пикирлер модератордун текшерүүсүнөн кийин жарыяланат