Өзгөн шаарынын борбордук аянтынын кейиштүү абалы

Өзгөн шаары | 17:16, 3-март 2021 | Кароолор: 1 023Аткарыла элек

Өзгөн шаарынын Ленин көчөсүнөн орун алган борбордук аянттын абалы кейиштүү. Борбордук аянттын жанында Өзгөн райондук администрациясы менен Өзгөн шаардык мэриясынын имараттары бар. Бардык жыйындар ушул имараттарда өтөт.

Чоңдордун баары ушул жерге келет. Ошого карабай бийлик өкүлдөрү өздөрү кайдыгер болуп отурушат. Жок дегенде борбордук аянтты жакшылап оңдоп койсо болмок. Тротуарга төшөлгөн таш тамандар жылып, жашоочуларга ыңгайсыздык жаратууда.

Пикирлер модератордун текшерүүсүнөн кийин жарыяланат
Для добавления комментария авторизуйтесь