Өзүӊөр ыргыткан таштандыдан өзүӊөр форель балыгын жеп жатасыӊар!

Токмок шаары | 17:58, 4-март 2021 | Кароолор: 439Аткарыла элек

Урматтуу токмоктук тургундар! Биздин коммуналдык ишкананын кызматкерлери иштеп жатат. Бирок, сиздер эмнеге суу аккан арыкка акыр-чикир таштап жатасыӊар?

Акыр-чикирди көчөгө чыгарып, коммуналдык ишкананын унаасына салып берсеӊер болот эле го. Алар ар бир көчөнү кыдырып, таштанды жыйнап жүрүшөт. А силер эмне үчүн сууга таштап жатасыӊар? Биз ушул арыктагы суу менен балык багып, көбөйтүп жатабыз. Ошол эле форель балыктарын силер өзүӊөр, базардан сатып алып жеп жатпайсыӊарбы.

Ар бир жылы ушул арыктан "КамАЗ" менен толтура таштанды ташыйбыз.

Токмоктук тургун

Пикирлер модератордун текшерүүсүнөн кийин жарыяланат
Для добавления комментария авторизуйтесь