Спорт комплексте шарт жок

Каракол шаары | 23:41, 4-март 2021 | Кароолор: 417Аткарыла элек

Кара-Көл шаарындагы Энергетик спорт комплексинде спорттук мектеп жайгашкан. Ал жакта балдар тарбияланууда.

Менин балам ушул жерге күрөшкө барат. Мындан сырткары бокс, волейбол боюнча да секциялар бар. Машыктыруучулар тажырыйбалуу агайлар. Бирок киргенде бөлмөлөрү ным жыттанып, душ, чечинүүчү бөлмөсү жок. Сырттан арыктан суу алып, колун жуушканына кээде күбө болом. Менин максатым жамандоо, каралоо эмес. Тескерисинче жакшы шарттар түзүлсө деген эле үмүт.

Пикирлер модератордун текшерүүсүнөн кийин жарыяланат
Для добавления комментария авторизуйтесь