Милиция менен соодагерлердин тиреши

Ош шаары | 14:27, 5-март 2021 | Кароолор: 1 452Аткарыла элек

Бүгүн, 5-март күнү С.Ибраимов атындагы Ош улуттук драма театрынын алдында пирожки жасап саткандарды милиция кызматкерлери кетире албай жатат. 

Милициянын айтымында, сатуучулар экиден газ боллондорду коюп алышкан. Өрт коопсуздук эрежелерин, санитардык талаптарды сакташпайт. Негизи ал жерде соода кылуу мыйзамсыз экенин айтты.

Сатуучулар майрам күндөрү ал жерде соода жакшы болоорун айтып, башка жакка жылбай турганын айтышууда.

Пикирлер модератордун текшерүүсүнөн кийин жарыяланат