Жаш балдарыбыз менен каттаган поликлиника тарапта тротуар жок

Ош шаары | 00:41, 6-март 2021 | Кароолор: 1 657Аткарыла элек

Оштогу Р. Абдыкадыров көчөсүнөн поликлиникага кирип кетүүчү кыска жол бар. Ал жакка жаш балдарыбыз менен бирин жетелеп, бирин көтөрүп барабыз.

Жергиликтүү жашоочулар тротуарды да тоскон тосмо орнотуп, бак тигип алышкан. Унаа өтүүчү жол менен жүрүүгө туура келет. Унаанын айдоочулары " балаңды ал, четке бас" деп  кыйкырып өтүшөт. Чет тарапка басайын десең унааларын токтотуп алышкан.

Пикирлер модератордун текшерүүсүнөн кийин жарыяланат