Жол кайгуулчудан коркуп, шашканы жулуп салдык

Түп району | 09:44, 6-март 2021 | Кароолор: 1 628Аткарыла элек

Мен Түп районуна караштуу Түп айылынын тургунумун. Күн сайын Караколго келип, базарда, борбордук көчөдө туруп, жүргүнчүлөрдү ташып киреше табам. 

Мендеги негизги көйгөй – 2021-жылдын башынан бери автоунаанын техникалык абалын, таксисттердин патенттерин жол кыймылынын коопсуздугун көзөмөлдөөчү инспекторлор өзгөчө тартип менен карап жатышат. Февраль айынан бери таксисттер электрондук патентке өтө баштадык.

Менде акыркы бир айдагы төлөмдүн мөөнөтү бүтүп калган. Анан февраль, март айынан бери жол кайгуулчулар бизди тосуп алып, патенттин төлөмү жок экен деп шашкабыздан ажыратып алып салышты. Кайра тагып алалык десек, бизге айып пул салып, унаа токтотуучу жайга алып барчудай. Азыр шашкасы жок таксиге кардар келбей, ишибиз жүрбөй жатат. Алгач бул маселени эскертип туруп, чара көрүшсө болот эле да.

Пикирлер модератордун текшерүүсүнөн кийин жарыяланат