Кеӊсенин жанында спирт ичимдиктин бөтөлкөсү толуп калган

Түп району | 11:18, 6-март 2021 | Кароолор: 1 881Аткарыла элек

Түп райондук мамлекеттик салык кызматынын кеӊсесинин жанында спирт ичимдиктин бөтөлкөлөрү көптөн бери алынбай турат. Унаа токтотуучу аянттын капталында бөтөлкөдөн сырткары башка таштандыларды да көрүүгө болот. Түп айыл өкмөтүндөгү тазалык муниципалдык ишкананын кызматкерлери таштанды чыгарууга үлгүрбөйт экен. Айыл өкмөтү кошумча штат ачып, район борборунун тазалык бөлүмүнө олуттуу көӊүл бөлүп койсо болмок.

Салык кызматынын жанындагы көрүнүш жийиркеничтүү абалда. Адам баласы болгондон  кийин санитардык, гигиеналык эрежелерди туура сактап, айлана-чөйрөнү таза кармайлы.

 

Пикирлер модератордун текшерүүсүнөн кийин жарыяланат