- Баш барак /
- Ысык-Көл /
- Түп району
Кеӊсенин жанында спирт ичимдиктин бөтөлкөсү толуп калган
Түп райондук мамлекеттик салык кызматынын кеӊсесинин жанында спирт ичимдиктин бөтөлкөлөрү көптөн бери алынбай турат. Унаа токтотуучу аянттын капталында бөтөлкөдөн сырткары башка таштандыларды да көрүүгө болот. Түп айыл өкмөтүндөгү тазалык муниципалдык ишкананын кызматкерлери таштанды чыгарууга үлгүрбөйт экен. Айыл өкмөтү кошумча штат ачып, район борборунун тазалык бөлүмүнө олуттуу көӊүл бөлүп койсо болмок.
Салык кызматынын жанындагы көрүнүш жийиркеничтүү абалда. Адам баласы болгондон кийин санитардык, гигиеналык эрежелерди туура сактап, айлана-чөйрөнү таза кармайлы.
Учурда окулууда
10 жылда чогулган 2 млн сом жарым саатта жоголгон. Окуянын чоо-жайы
Окуп жаткандар: 42
Ирандын жаңы лидери жарадар экени айтылууда
Окуп жаткандар: 23