Төрт чакырым жерден суу ташып ичишет

Аксыйский район | 00:19, 7 марта 2021 | Просмотров: 1 075Не выполнено

Аксы районунун Мукур айылында таза суу көйгөйү бар.  Мисалы, Мектептен Авлетим айылын көздөй жашаган тургундар бир жылдан бери таза сууну ар кайсы жерден ташып ичебиз.

Мектептен ылдый жайгашкан көчөлөрдө жашаган барыбыз мурунку шайлоолордо саясий партиялардын биринен таза суу чыгаруу үчүн акча бөлдүрүп алып, ал каражатка керектүү курулуш материалдарды алып, жерди казып, суу түтүкчөлөрдү орнотуп, Котур-Булактын суусунан турмуш-тиричиликке жана ичүүгө суу чыгарып алганбыз. Бирок ошол суу бир жылдан бери чыкпай калды. Андан бери 4 чакырым өйдө жайгашкан Котур-Булактын өзүнөн ташып келип ичебиз.

Комментарии будут опубликованы после проверки модератором
Для добавления комментария авторизуйтесь