Жалал-Абад: Жол жээгин таштанды каптады, тазалык жок

город Жалал-Абад | 11:54, 7 марта 2021 | Просмотров: 2 751Не выполнено

Шаардын Көк-Арт районунда жашайбыз, үйүбүздүн жанында чоң көчө бар. Жолдун жээгине белгисиз бирөөлөр түн ичинде таштандыларын таштап кетишет.

Ал эми шаардын тазалык ишканасынын андан кабары жок. Буга чейин жергиликтүү жашоочулар атайын темирге эскертүүлөрдү жазганбыз, бирок аны да талкалап кетишиптир. Шамал болгон учурда полиэтилен баштык, памперстер көчөгө, айрым үйлөрдүн короосуна чейин кирип кетүүдө.

Кызыгы, ошол жерге жакын жерде шаардагы көрктөндүрүү жана жашылдандыруу ишканасы жайгашкан. Алардын жетекчилери да көрүп-билип туруп, көңүл кош мамиле жасашат.

Комментарии будут опубликованы после проверки модератором
Для добавления комментария авторизуйтесь