Чарага толгон сууну сузуп алабыз

Аксы району | 14:01, 9-март 2021 | Кароолор: 779Аткарыла элек

Аксы районунун Кош-Дөбө айыл өкмөтүнө караштуу Улук айылынын Жакып Султанов атындагы көчөсүнүн тургундары таза сууну челек, эшек, араба, алыс жашагандар машине менен ташып ичебиз. Жер түбүнөн эскирген суу түтүктөрүн казып, суусу бар түтүккө идиш коюп, ал толгондо чакаларга куюп алабыз.

Бул жер астынан суу издеп казылган суу түтүктөрүн мүмкүнчүлүгүбүз жетишинче оңдоп келебиз. Бирок бары эскиргендигине байланыштуу толук алмаштырууга каражатыбыз жок.

Пикирлер модератордун текшерүүсүнөн кийин жарыяланат
Для добавления комментария авторизуйтесь