Парктагы табышмактуу имаратта эмне жайгашкан?

Ош шаары | 16:05, 9-март 2021 | Кароолор: 496Аткарыла элек

Ош шаарынын "Навои" эс алуу паркынын эл өтүүчү тарабы оңдолгону менен арт тарабында керексиз, көптөн бери жабык, эски имарат, контейнерлер жайгашкан. Мен көргөнүмө 20 жылдай болуп калган бир имарат бар. Адамдар жашаган үйдөй көрүнөт. Паркта жашаганга болобу?

Эки кабаттуу имарат кароосуз калгандай, дайым жабык турат. Чатырынын эскилиги да жеткен. Ошол эле айланада сүрөткана бар, ал да заманбап талапка жооп бербегенден жабык турат. Ошондой жерлерди жаштарга берип иштетиш керек деп ойлойм.

Пикирлер модератордун текшерүүсүнөн кийин жарыяланат
Для добавления комментария авторизуйтесь