Бизге келип, көйгөйүбүздү уккан адам жок

Аксы району | 16:22, 9-март 2021 | Кароолор: 760Аткарыла элек

Аксы районунун Улук айылындагы Т.Аманбаев көчөсүнүн тургундары үчүн таза суу көйгөйү бир нече жылдан бери чечилбей келет. Жаз, жайда короодогу жашылчаны сугаруучу суу тартыш.

Мисалы, аталган көчөнүн жашоочулары суу чыккан жерден ат, эшек, араба, машине менен ташып ичебиз. Анткени биздин көчө узунунан жайгашып, айылдын башынан аягына чейин созулат. Ошол көчөнүн башында жашагандардын короосунан же этегинен, ортосунда жашагандардын үйүнөн суу чыгарылса, кезеги менен ошол жерден ташып ичебиз.

Мурунку жер астында орнотулган суу түтүктөрү эскирген. Ар кайсы жеринен жарыла берет. Ал эми жергиликтүү бийликтен жардам жок. Эл ар жерден суу издеп, түтүн башына 200-300 сомдон топтоп, техника алып келип каздырып, анын бензинине, кызмат акысына акча төлөйт. Кайра жаңы түтүк сатып келип орнотуп, эски жерин жамап, суу чыгарат.  Кайра эле көп узабай башка жери жарылып, суу чыкпай калат. Бул көйгөй жыл сайын кайталана берет.

Пикирлер модератордун текшерүүсүнөн кийин жарыяланат
Для добавления комментария авторизуйтесь