Кадамжайда көчөттөр арзан сатылып, багбандардын мээнети акталбай жатабы?

Кадамжай району | 10:25, 10-март 2021 | Кароолор: 1 072Аткарыла элек

Кадамжай району түштүк регион боюнча багбанчылыктын сап башында турган райондордун бирине кирет. Аталган аймакта алма, өрүк, шабдаалы, алча (гилас) жаңгак, тыт, жүзүм ж.б көчөттөрдүн баарын өстүрүп сатышат.

Алардын катарында мен дагы бармын. Айтайын дегеним жылдан-жылга мээнетибиз акталбай, көчөттөр арзандап жатат. Анткени биз бир көчөттү сатуу үчүн 3-4 жылдык мээнетибизди, убактыбызды коротобуз. Азыр эми көчөттөр чоң-кичинесине карап 20 сомдон 50 сомго чейин сатылууда. Ушул маселени райондук агрардык өнүктүрүү башкармалыгы чечип, башка өлкө же облустарга көчөттөрдү сатууга шарт түзүп берсе жакшы болот эле. Анткен менен алар да иштебей жатышат.

Пикирлер модератордун текшерүүсүнөн кийин жарыяланат
Для добавления комментария авторизуйтесь