Чылага баткан Сокулуктун мал базары

Сокулук району | 11:26, 11-март 2021 | Кароолор: 1 562Аткарыла элек
Чүй облусунун Сокулук районундагы «Байыш» базарынын артындагы мал базар бут басарга жери жок, чылага эзилип жатат.

Базарды ирээтке келтирип, соодагерлер менен алармандарга ыӊгайлуу шарт түзүп беришсе жакшы болмок. Ал жерде соодагери кайсы, аларманы кайсы, сатылып жатканы малы кайсы экени билинбей, аралашып турушат. Малдын эзилген чыласы болсо тизеге чейин малынат. Базарга барганда чоӊ өтүк кийип алып барбасаӊ, кыска бут кийимдин тамтыгы калбай калат.

Алмаз Бектурганов, Сокулук району
Пикирлер модератордун текшерүүсүнөн кийин жарыяланат