Бишкек менен Сокулуктун чек арасында дарыя пайда болду

Балыкчы шаары | 12:00, 11-март 2021 | Кароолор: 368Аткарыла элек



Бишкек шаарынан Дэн Сяопин көчөсү менен Сокулук району көздөй чыксаӊыз Барпы Алыкулов көчөсүнө жеткенде "Чүй облусу, Сокулук району" деген жазууну окуйсуздар. Ал эми Сокулук району тараптан борбор калааны көздөй чыксаӊыз, так ушул жерге жеткенде Бишкек деген жазуусу бар стеланы көрөсүз. Мына так ушул жерде жаз-күз мезгилдеринде дарыя пайда болуп, унаалар аны ары-бери кечип өтүп калышат.

Ары-бери каттаган сайын өзүбүзгө өзүбүз суроо салып, «бул суу каяктан топтолду, жерден суу көтөрүлүп чыгып жатабы же саркынды суулар ашып-ташып жатабы?» деп баш катырып өтүп кетебиз. Чын эле бул кайдан чыккан суу?

Борбор шаарга жакын, эӊ негизги жолдордун бириндеги көрүнүш ушундай болсо, калган четтеги айылдардагы мындай көрүнүштү унчукпай эле койсок болот го?

Самат, Ала-Тоо айылынын тургуну

Пикирлер модератордун текшерүүсүнөн кийин жарыяланат