Энергетик макамын берсеңиздер

Кара-Көл шаары | 14:12, 11-март 2021 | Кароолор: 430Аткарыла элек

Мен Кара-Көлдө жашайм. Албетте шаарымдын өсүп-өнүгүп, гүлдөшүн каалайм. Кара-Көлгө "Энергетиктердин" шаары деген макам ыйгара турган мезгил келди деп ойлойм. Анткени биздин шаар өлкөбүздү электр жарыгы менен камсыздап келет. Андан түшкөн пайда өлкөнү өнүктүрүү үчүн жүмшалып келди.

Эми биздин шаарга жогорудагы маккамды ыйгарып берсеңиздер. Анткени өткөн кылымдын 1965-жылдарынан баштап 20 жылдык мөөнөткө ылайыкталып курулган жыгач үйлөрдүн эскилиги жетти. Ошол макам расмий түрдө ыйгарылса, электр энергиясынан түшкөн акчанын 1 сому жергиликтүү бюжетке которулса, биздин шаардын инфраструктурасы жакшырат. Эски үйлөрдүн ордуна көп кабаттуу үйлөр курулуп, үйү жок жаштар үйлүү болмок. Электр жарыгы да биздин шаардыктар үчүн бекер болмок. Анткени биздин шаарда айыл чарбасын өнүктүрүүгө шарт да жок, жер да аз.

Пикирлер модератордун текшерүүсүнөн кийин жарыяланат