Бир туруп жиниң, бир чети күлкүң келет

Ак-Талаа району | 15:45, 11-март 2021 | Кароолор: 802Аткарыла элек

Баетов айылынын Дөрбөлжүн аянтында орун алган базардын ичиндеги даараткананы көргөндө бир туруп жиниң келет, бир чети күлкүң келет. Дааратканага жаан-чачын учурунда кирүүгө эч мүмкүн эмес. Алдына чөлмөктөп көлчүк суу толуп, баткакка айланып калат. Жиниң келет.

Ошондой эле даараткананын эркектер кирүүчү эшигинин алдына контейнер коюп алышкан. Эшиги ачылбайт.

Даараткананын эшигин көрүп, контейнер коюп койгонуна күлкүң келет. Базардын кожоюнуна деле "баары бир" окшойт.

Пикирлер модератордун текшерүүсүнөн кийин жарыяланат
Для добавления комментария авторизуйтесь