Жарымы бүткөн имараттар көбөйдү

Кара-Көл шаары | 20:38, 11-март 2021 | Кароолор: 676Аткарыла элек

Бул толук бүтпөй турган имарат Кара-Көл шаардык ооруканадагы дарыгерлерди кызматтык батир менен камсыз кылуу максатында бир нече жыл мурун курулуп баштаган. Ушундай жол менен куруунун зарылдыгы бар беле?

Курулган имараттын кирпичтери да канча жылдан бери туруп, көчүп, акырындап жарактан чыгып баратат. Ичи таштандыга айланган.

Биз имарат курулуп башталганына сүйүнбөй, бүтүп пайдаланууга берилип калсын деп тиленишибиз керек болуп калды. Бир иш башталып, жогорудагыдай болуп бүтпөй калат. Ал эмнеге турат, бөлүнгөн акчасы кайда же ким жеп койгон деп такташтыргандар жок. Болсо да мыйзам чегинде жоопко тартылбайт. Буга ким жооп берет? Ким ишти алып барып, качан бүт жерде тартип болот?

Пикирлер модератордун текшерүүсүнөн кийин жарыяланат