Москва районунда жол боюна жайма базар ачылганбы?

Московский район | 21:51, 11 марта 2021 | Просмотров: 1 204Не выполнено

Чүй облусунун Москва районунда жол боюна жайма базар ачып алдык. Шагыл таштарды төшөп, "дасторконубузду" жая салып, болгон дүйнөбүздү тизе салабыз. Бул жерден эл көп өтөт. Соодабыз жүрүп жатат. Бизге да жашоо керек да. Ансыз деле базарды тескеген адам жок.

Сумка көтөргөндөр келсе, колуна бир аз акча кармата коёбуз. Жашоону билүү керек. Жамгыр жааганда үлүлдөй кирип кетип, күн ачылганда козу карындай жайнап чыга келебиз. Минтип акча таап, жашообузду өткөрбөсөк, бизди ким багат? Албетте бул айласыздын иши деңизчи. Бирок балдарыбызды ким багат?

Комментарии будут опубликованы после проверки модератором
Для добавления комментария авторизуйтесь