Керексиз кагаздар менен кооз жерлердин көркүн бузган «сетевиктер»

Ош шаары | 18:12, 12-март 2021 | Кароолор: 779Аткарыла элек

Ош шаарындагы мамыларда, аялдамада, дарактарда, тосмолордо улан-кыздарды ишке чакырабыз деген жарнама кагаздар чапталган. Ошол «сетевиктерге» барсаң аябай маданияттуу сүйлөп, билимдүү көрүнүп, элдин ишенимине киргиси келет.

Бирок кылган иштери менен шаарды булгайт. Зайнабетдиновада атайын боёктор менен өзгөчө стилде жасалган имараттын айланасын да кагаз менен булгап бүтүшүптүр. "Тазалык" ишканасынын кызматкерлерине гана жумуш көбөйөт.

Пикирлер модератордун текшерүүсүнөн кийин жарыяланат
Для добавления комментария авторизуйтесь