Калаа тургундарын кабатыр кылган май куюучу жайлар

город Ош | 18:58, 13 марта 2021 | Просмотров: 588Не выполнено

Ош шаарындагы Ы. Монуев көчөсүндө жайгашкан үч май куюучу жайды Экотехинпекциясы 2019-жылы талапка жооп бербейт деп тапкан. Бирок, бул май куюучу жайлар ушул күнгө чейин ишмердүүлүгүн улантып келүүдө. 

2019-жылы 11-мартта Ошто жарылган май куюучу жайдын окуясынан кийин мэр Таалайбек Сарпашев жана жергиликтүү органдардын катышуусунда май куюучу жайларга рейд өткөрүлгөн. Анда шаар жетекчиси калаа ичиндеги май куюучу бекеттерди шаардын четине чыгарууга убада кылган. 

Бирок ал убадалар ушул күнгө чейин аткарыла элек.

Экотехинпекциясы Ош шаарында 44 май куюучу бекет болсо, анын 36сы тиешелүү талаптарга жооп бербей турганын билдирген. 

Бүгүнкү күндө Оштогу 22 май куюучу жайдын иши сотто. 

2019-жылы 11-мартта Исанов көчөсүндө май куюучу жай жарылып кеткен. Окуя кечки саат 9:00 чамасында катталган. Жарылуу күчтүү болгондуктан ага жакын турган көп кабаттуу үйлөрдүн айнектери талкаланып кеткен. Жалпы май куюучу жайга жакын турган үйлөр 1 млн 600 сомдук чыгымга учураган. 


Комментарии будут опубликованы после проверки модератором
Для добавления комментария авторизуйтесь