Кадамжай шаарындагы парк каралбай калып, талкаланып кетти

Кадамжай шаары | 10:25, 15-март 2021 | Кароолор: 253Аткарыла элек

Кадамжай шаарындагы сурма комбинатынын имаратынын бет маңдайындагы парк кароосуз калган. Мурда суу чыгып, оргума иштеп турчу. Ал жерде сурма комбинатынын кызматкерлери жана шаар тургундары эс алып кетчү.

Азыркы абалын көрсөң ыйлайсың. Оргума талкаланып, отургучтар сынып, кароосуз калган. Муну көзөмөлгө алып, шаар бийлиги же тиешелүү өкүлдөр бир чара колдонуп, көңүл буруп койсо жакшы болот эле.

Пикирлер модератордун текшерүүсүнөн кийин жарыяланат
Для добавления комментария авторизуйтесь